Перизат Алмаз кызы

Перизат Алмаз кызы, акын, котормочу, адабият таануучу, Дүйнө Жүзүлүк Жазуучулары Союзунун мүчөсү жана Кыргыз адабияты жөнүндөгү баш кеңешчиси.

Калемгер 1992-жылы 22-январда Нарын областынын Кочкор районунда төрөлгөн. 2010-жылы Бишкек шаарынын №32 мектебин бүтүргөн. 2010-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин филология факультетине тапшырып аны 2015-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган. 2016-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна кенже илимий кызматкерликке кабыл алынган.

Ошол эле жылы аспирантурага А. Акматалиевдин жетекчилигинин алдындатапшырып “Азыркы Кыргыз-Казак поэзиясындагы эркин ырдын стилдик өзгөчөлүктөрү” аттуу темасы бекитилген. “Нур борбор” адабий клубунун алдында түзүлгөн “Жаңы толкун” адабий клубунун мүчөсү, “Кыргыз-казак адабий байланышынын жаңы доору”, “Тектеш түрк элдеринин поэзиясындагы тилдик каражаттар”, “М.Ауэзов жана Манас”, “Казак-кыргыз поэзиясындагы чеберчиликтер” аттуу илимий макалалардын, “Ырымдагы ырысым”, “Руханият” аттуу ыр жыйнактарынын жана бир нече котормолордун автору.